• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Суу районунун Курбу айылына жаңы мектеп курулат

Аймак 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Курбу айылына жаңы мектеп курулат. 200 орундуу имараттын курулушуна капсула салынды. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланат.

Фонддун маалымат кызматы билдиргендей, курулуштун тендердик баасы 47 млн 116 миң сомду түздү.

Учурдагы мектептин имараты авариялык абалга келип, балдар үчүн кооптуулукту жараткандыктан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жаңы билим берүү имаратын куруу сунушу келип түшкөн. Фонд ​бул демилгени колдоого алган.

Пикир

Оставить комментарий