• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ибраев Ысык-Көлдө курулуучу күн электр станциясынын долбоору менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл өкмөтүндө курулууга пландалып жаткан 300 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын долбоору менен таанышып, инвестор менен биргеликте иштелип чыккан электр энергиясын 220 (110/35) кВт "Ысык-Көл" көмөк чордонуна кошуу мүмкүнчүлүгүн текшерип чыкты.

Ошондой эле Ибраев Балыкчы шаарынын мэри менен биргеликте Тору-Айгыр айыл өкмөтүндөгү “Ысык-Көл” көмөкчордонуна чейинки ВЛ-220 кВ аба чубалгысы курулуучу жер участогун карап чыгышты. Министр күндөн электр энергиясын алуучу станция курам деген инвесторго көмөкчордонго кошулууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жетекчисине бир катар тапшырмаларды берди.

Маалыматка ылайык, аталган күн электр станциясын “Бишкек Солар” ААК компаниясы курууга бел байлап, учурда жер маселесин жана тиешелүү документтерин бүткөрүүгө аракеттенип, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, министр "Кыргызкөмүр" МИнин Балыкчыдагы көмүр базасына барып, калкка жана ЖЭБге ташылып жаткан көмүрдүн көлөмү тууралуу жеринен маалымат алды. Кыш мезгилинин чыгаарына аз убакыт калганы менен дагы деле калкка жана ЖЭБге көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу маанилүү экенин баса белгилеп, тиешелүү адистерге тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий