• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курамасы эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы (U-20, U-23) Belneftekhim Women's Cup эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 16-19-февраль күндөрү Минск шаарында өтүп, 20 жана 23 жашка чейинки спортчулар катышат.

Курама команданын тизмеси:
1. Арууке Кадырбек кызы – 55 кг;
2. Бермет Нурдин Кызы – 57 кг;
3. Калмира Билимбекова – 59 кг;
4. Таңчолпон Кыбалбекова – 62 кг;
5. Жаркын Нуркан кызы – 62 кг;
6. Дильназ Сазанова – 65 кг;
7. Гульнур Таштанбекова – 68 кг;
8. Нурзат Нуртаева – 72 кг;
9. Кайыргүл Шаршенбаева – 76 кг.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда машыктыруучулары Билимбек Капарбек уулу жана Усеналы Рыскуловдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий