• 88.68
  • 95
  • 0.95

Рамина Цой кыз-келиндер арасында футбол боюнча дүйнө чемпионатында калыстык кылат

Спорт 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Кыргызстандык Рамина Цой кыз-келиндер арасында футбол боюнча дүйнө чемпионатынын калыстардын тизмесине кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүйнө чемпионаты 20-июлдан 20-августка чейин Австралия менен Жаңы Зеландияда өтөт

Белгилей кетсек, Рамина Цой Борбор Азия өлкөлөрүнөн жалгыз өкүл болууда.

Жалпысынан 33 арбитр, 55 арбитр жардамчысы жана 19 VAR расмий видео жардамчылар ФИФАнын биринчи командасын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий