• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектиктер “Тазалык” ишканасынын көчөлөрдү кардан тазалоо иштерине нааразы болууда

Коом 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Бишкектин тургундары “Тазалык” муниципалдык ишканасынын шаардын көчөлөрүн кардан тазалоо иштери начар болуп жатканына нааразы болууда.

Шаардыктардын айтымында, борбор калаанын көчөлөрүнүн жүрүүчү бөлүгүн тазалоо иштери начар болгондуктан, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болууда.

“Буга байланыштуу жолдордо тыгындар байкалып, унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдуктар жаралууда”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, күн мурун, 10-январда Бишкек мэриясы "Тазалык" муниципалдык ишканасы кар тазалоого даяр экендигин билдирип, 35 атайын техника жана 800гө жакын кызматкер тартылганын кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий