• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир жума ичинде мэриянын колл-борборуна 322 арыз-кайрылуу болгон

Коом 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна 8-14-апрель күндөрү 322 арыз жана кайрылуу болгон. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Келип түшкөн арыз-кайрылуулардын 122си каттоого алынып, алардын 82си боюнча иштер аткарылган.

Кайрылуулар электр энергиясына (26), суу (19) жана сырттагы жарыктандырууга байланыштуу (6) болгон. Калган кайрылгандар маалымат алуу иретинде чалган.

"Кайрылуулар 1850 жана 1840 номери жана кайсы бир маселени чагылдырган сүрөттөр 0554 18 21 85 номерлери аркылуу күнү-түнү кабыл алынат", - деп билдирет шаар мэриясы.

Ошондой эле шаар тургундары арыз жана кайрылууларын төмөнкү телефондорго жөнөтө алышат:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 99 79 27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95 55 09;

- Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи май району) — 0555 66 60 96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 61 18 06.

Пикир

Оставить комментарий