• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаштар саясатынын концепциясы жаштардын бардык маселелерин камтыйт – Парханов

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2030-жылга чейинки жаштар саясатынын концепциясы кабыл алынып, анда жаштардын баардык маселелери камтылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жаштар иштери, дене тарбия жана тарбия мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов билдирди.

Ал белгилегендей, концепция боюнча токтомго өкмөт башчы кол койгон. Анын алкагында агенттик алты ай ичинде план иштеп чыгышы керек.

"Мындан мурдараак стратегиялык документтер болуп, алар тармактык мүнөздө болчу. Ал концепция улуттук документ болуп, анда баардык маселелер камтылат: билим, экономика, коопсуздук, саламаттык сактоо, ишкерчилик, маалыматтык технологиялар, коммуникация ж.б.", - деди ал.

"Жыйынтыгында жаштар саясаты түзүлүп калышы керек – баардык ченемдик-укуктук актылар иреттелип, иштеши зарыл. Аны менен бирге жаштар мамлекетте болуп жаткан баардык процесстерге катышышы кажет. Ошондой эле жаштар дүйнөлүк деңгээлде да өз ордун таба алгандай болушу абзел", - деди ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жаштардын саны 1 миллиондон ашык болуп, калктын 25,7%ын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий