• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тыналиев көчөсү жашылдандырылууда - Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Тыналиев көчөсү жашылдандырылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы калааны жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин улантууда.

«Азыркы учурда «Жал» кичирайонунун Тыналиев көчөсүнүн Масалиев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки жээги жашылдандырылып жатат. 8-сентябрга карата беш миң чарчы метр жерге көк майсан себилди. Бул жер алгач шагыл, таштандылардан тазаланып, топурак түшүрүлүп түздөлдү. Кийин анын үстүнө кара топурак төгүлдү. Аталган жер арыктар менен сугарылат», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бул жерде мурда ирригациялык түйүндөр талкаланып калган, жакында арыктар реконструкцияланып, эми сугат иштери толугу менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий