• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Океан, Лексус, Миңгүл, Көркөмай, Ветта – Кыргызстандыктар балдарына кандай ат коюшат?

Коом 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Кыргызстандыктар жаңы төрөлгөн балдарына кандай ысымдарды коюшат?

Мамлекеттик каттоо кызматы маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2019-жылы көп коюлган аттардын арасында алдыңкы орунда Умар менен Раяна ысымы турат.

Эркек балдардын арасында Алинур, Алихан, Нурислам жана Али, ал эми кыздар арасында Раяна, Амина, Алия жана Айлин аттары көп коюлган.

Ата-энелер кыздарына Жамайка, Жаңыл Мырза, Миңгүл, Ай-Күн, Океана, Ай-София, Луна, Көркөмай, Чачыке, Ветта, Умара, Таттыбүбү деген ысымдарды сейрек коюшат.

Ал эми балдарга Айюб, Абу Бакр, Байилим, Эртөштүк, Чыракбек, Чынгызхан, Үрүстөм, Ийгилик, Рудольф, Океан, Лексус, Баласагын, Ахиллес, Аль-Фатих деген аттар аз берилет.

Пикир

Оставить комментарий