• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө мыйзамсыз жер бөлүштүргөн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Чүйдө мыйзамсыз жер бөлүштүргөн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан КРнын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сакталышы жана аткарылышы боюнча Ысык-Ата районунун жерге мунапыс берүү комиссиясынын кабыл алынган чечимдерине текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө аталган комиссиянын жана тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары Люксембург айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы жер тилкелеринен 4 жаранга (жалпы аянты 0,20 га) менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечимдерди мыйзамсыз кабыл алышып, Ысык-Ата филиалынын “Кадастр” МИнан каталып, жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актылары берилип кеткендиги аныкталган.

Анын ичинде Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисине жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы аянты 0,05 га жер тилкеси жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан Ысык-Ата райондук жерге мунапыс берүү боюнча комиссиянын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий