• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара кызматы :"Ак-Тилек" өткөрүү жайында 140 жүк ташуучу унаа кезекте турат

Коом 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү жайында саат 14:30га карата 140 оор жүк ташуучу унаа Казакстанга кире албай токтоп турат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” бекетинде бүгүн кырдаал өзгөрүп, кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны көбөйгөндүгү байкалган.

"Ал Казакстан өлкөсүнүн аймагына кирген жүк ташуучу унаалар тыкыр текшерилип жаткандыгы менен байланыштуу. Казак тарап унааларды текшерүү үчүн кошумча чек ара бекетин орноткон", - деп айтылат маалыматта.

"Ак Тилек" көзөмөл жайында чек арачылардан тышкары фитосанитария, салыкчылар да турат, алар унааларды текшеришүүдө.

Казак тарап бир саатта 4-5 унааны гана өткөрүүдө.

Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, мындай абал бир гана "Ак-Тилек" бекетинде байкалууда, башка көзөмөл жайлары кадимки тартипте иштеп жатат.

Кыргыз тараптан чек ара көзөмөлүн өтүүдө эч кандай чектөөлөр жок.

Пикир

Оставить комментарий