• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткен айыл чарба продукцияларын Челябинск облусуна экспорттоону пландоодо

Коом 0

Бишкек. 29.03.19 /Кабар/. Баткен айыл чарба продукцияларын Челябинск облусуна түз экспорттоп, бул багытта иштешсек болот. Бул тууралуу Челябинск облусунун экономиканы өнүктүрүү министри Сергей Смольников билдирди.

Смольников кечээ Баткенге келип, облустагы жергиликтүү жетекчилер менен жолугушуп, Баткен – Челябинск облустары кайсы багыттарда кызматташаары тууралуу кеңешишти.

Сергей Смольниковдун пикиринде, Баткен агрардык аймак экенин эске алуу менен, биргеликте айыл чарба техникаларын чыгаруучу ишканаларды ачуу, айыл чарба продукцияларын Челябинск облусуна түз экспорттоо багытында иштешсек болот деген пикирин билдирди.

Ошондой эле Смольников Баткен облусунда өндүрүлгөн экологиялык жактан таза, айыл чарба продукцияларын Түштүк Уралга башка мамлекеттердин атынан барышы адилетсиз болуп келгенин айтып, бул үчүн аймакка ири логистикалык борборлорду куруунун үстүндө иш алып баруу керектигин айтты.

Ошол эле учурда эки облустун ишкерлеринин ортосунда кызматташууну жандантып, биргелешкен ишкердик жүргүзүүгө көмөктөшүү зарылчылыгын белгиледи.

Орусиялык делегация Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы мөмө жемишти кургатуучу Алтын-Аймак ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүштү.

Аталган ишкана негизинен өрүкту кайра иштетүү жана куратып, таңгактоо менен алектенет.

Белгилей кетсек Баткенде жылына 120 миң тонна кургатылбаган, 30миң тонна кургатылган өрүк өндүрүлөт.

Ошондой эле алар Кадамжай районунун Кан айылындагы магнезит кени чыккан аймакта да болушту. Кан айылында 180 миң тонна магнезит кенинин запасы бар.

Пикир

Оставить комментарий