• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Жеке ассистенттердин саны 38%га өстү – Эмгек министрлиги

Коом 0

Бишкек, 06.08.23./Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жеке ассистенттердин саны 13 миң 657 адамды түздү.

Ведомствонун билдирүүсүндө айтылгандай, алар 13 миң 373 чоңдорго жана майып балдарга кызмат көрсөтүшөт.

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 8 миң 366 адам жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы алышкан, алар 8 миң 493 чоң кишилерге жана майыптыгы бар балдарга кызмат көрсөтүшкөн.

2023-жылы төлөмдөр 571,1 млн сомду түздү, өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгында 305,65 млн сом.

2022-жылдын 1-июнунан баштап жеке ассистент кызматын майыптыгы бар балдар гана эмес, 1-топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген чоңдор да ала алышат, алар дайыма бирөөнүн камкордугуна жана көзөмөлүнө муктаж.

Жеке ассистенттердин айлык акысы 6 миң 268 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий