• 88.68
  • 95
  • 0.95

Уюлдук телефонго алаксып… ЖКККББ жол эрежесин сактоого чакырган ролик тартты

Коом 0


Бишкек, 06.08.23./Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалык (ЖКККББ) айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырган видео тасма тартты.

Анда, көпчүлүк жөө жүргүнчүлөр жөө өтмөктөрдөн өтүүдө шашпай, уюлдук телефонго алаксып, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдуктарды жаратып, өзүнүн жана башкалардын да өмүрүнө коркунуч жаратып жаткандыгын көрсөтүшкөн.

Ал эми айдоочулар да каттуу ылдамдыкта айдашып, кокусунан жолго чыга калган жөө жүргүнчүлөргө токтоп, аларды өткөрүп жиберүүгө үлгүрбөй, сүзүп алган учурларын көрсөтүп, жыйынтыгында жөө жүргүнчүлөр да, айдоочулар да жабыр тарткан учурларды көрсөтүшкөн.

ЖКККББ айдоочулардан жана жөө жүргүнчүлөрдөн жогорудагы жагдайларды эске алып, жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий