• 88.68
  • 95
  • 0.95

КМШ оюндары. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча командасы 6 медаль жеңди

Спорт 0

Минск, 06.08.23./Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча командасы Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында 1 күмүш жана 5 коло медаль жеңди.

Солигорск шаарында өтүп мелдеште 55 кг чейинки салмак категориясында Улан Муратбек уулу күмүш медаль тагынды.

Ал эми коло медалга 60 кг салмактагы спортчу Нурмухаммед Абдуллаев, 63 кг салмактагы Баяман Каримов, 67 кг салмактагы Самат Аманат уулу, 77 кг салмактагы Ырысбек Максатбек уулу, 72 кг салмактагы Адилхан Нурланбеков татыды.

Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары 4-августтан 14-августка чейин Беларустун 10 шаарында өтүүдө. Ага спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышып жатат.

КМШ оюндарында Кыргызстандын намысын спорттун 17 түрү боюнча 200дөн ашуун спортчу коргоп жатат: (грек-рим күрөшү, бокс, оор атлетика, ок атуу, жеңил атлетика, жаа атуу, гандбол, баскетбол 3х3, эркин күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, самбо, тайбокс, заманбап спорттун беш түрү, көркөм гимнастика, мини футбол, каратэ-до, сууда сүзүү).

Мелдеш Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы достукту бекемдөө менен дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну иш жүзүндө ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндары 2021-жылдын 4-сентябрынан 14-сентябрына чейин Татарстандын Казань шаарында өткөн. Оюндарга Кыргызстандын атынан спорттун 13 түрү боюнча 157 спортчу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий