• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев менен Антонина Шевченко UFC'деги беттештерин өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 20.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрель күнү кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев менен Антонина Шевченко UFC'деги беттештерин өткөрөт.

Мелдеш Санкт-Петербургда (Россия) болуп өтөт.

Анда Рафаэль Физиев россиялык мушкер Магомед Мустафаев менен таймашка чыгат. Бул кыргызстандык мушкердин UFC'деги алгачкы беттеши болот.

Ал эми Антонина Шевченко америкалык Роксанн Модаффери менен беттешет. Муну менен ал UFC алкагындагы экинчи беттешин өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий