• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азат Эркимбаев грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эң мыкты машыктыруучусу аталды

Спорт 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Азат Эркимбаев грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эң мыкты машыктыруучусу аталды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Федерациянын маалыматына ылайык, кыргызстандык машыктыруучуга наам Азиянын бириккен күрөш дүйнөсү (UWW Asia) чыгарган 2023-жылдын жыйынтыгы менен ыйгарылган.

Белгилей кетсек, Азат Эркинбаев - Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча мыкты машыктыруучу наамы Иран курамасынын машыктыруучусу Пежман Доросткарга, ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча мыкты машыктыруучу наамы Япония курамасынын машыктыруучусу Ре Канемахага ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий