• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн 103 адам министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланса, 43 адамга министрлер кабинетинин төрагасынын атынан алкыш жарыяланды.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекет башчысынын жана министрлер кабинетинин атынан иш-чаранын катышуучуларынын сыйлыктары жана келе жаткан жаңы жылдык майрамдары менен куттуктады.

«Сыйлык алуу - бул сыймык жана чоң кубаныч. Ар бир тармактан мыкты талапкерлер сунушталды. Өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө ар бириңиздердин салымыңыздар бар. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында ИДП 1 трлн 72,6 млрд сомду түзүп, Кумтөрдү эсепке албаганда өсүү темпи 6,7%ды түздү. Бюджет 570 млрд сомдон ашты. Акыркы 2,5 жылдын ичинде биз жүздөгөн мектептерди куруудабыз жана ачып жатабыз. Бир күн мурда эле 2 мектептин ачылышына катыштым. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматы боюнча, быйыл 128 мектеп (110 жаңы мектеп жана 18 мектеп оңдоп-түзөөдөн кийин) пайдаланууга берилет. Евразия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду сыяктуу абройлуу эл аралык каржы институттары“Кыргызстан өнүгүү жолунда бара жатат” деп жакшы баасын берип белгилөөдө. Биздин бүгүнкү жана эртеңки күнүбүз, балдарыбыздын келечеги ар бир жумушчунун, мугалимдин, врачтын, куруучунун, энергетиктин эмгегине, кошкон салымына жараша болот. Биз өнүгүү жолуна түштүк. Бизде биримдик, береке, билим жана күчтүү саясий эрк бар”, - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий