• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан 9 орундуу Beechcraft King Air учагын сатып алган. Ал кандай максатта колдонулууда?

Коом 0

Бишкк, 26.12.23. /Кабар/. Кыргызстан 9 орундуу "Бичкрафт Кинг Эйр" (Beechcraft King Air) учагын сатып алган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, учак эл аралык “Манас” аэропортунун кирешелеринин эсебинен сатып алынган.

Орунбеков "Бичкрафт Кинг Эйр" учагы менен министрлер кабинетинин мүчөлөрү аймактарга ыкчам учуп жетип, жумуштун натыйжалуулугун тездетүү максатында пайдаланып жаткандыгын кошумчалады.

"Мисалы, кечээ министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрация башчысы Акылбек Жапаров Жалал-Абадга учуп барып келди", - деп, министрлер кабинетинин башчысы бир күндө кандай жумуштарды аткарганга жетишкендигин тизмектеп берди.

25-декабрь, эрте мененки саат 09:00дө учуп, 45 минуттан кийин Жалал-Абад шаарында болду. Дароо эле №10 түзөтүү мекемесинин имаратын бузуп, ордуна облустук администрациянын жаңы имаратын куруу иштери менен таанышты.
10:30. Сузак районундагы № 53 тергөө изоляторунун жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Саат 11:00 убактысында, Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан курулуп жаткан 630 батирден турган көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен таанышты.
Саат 11:30. Жалал-Абад шаарындагы №1 Бабкин атындагы орто мектептин кошумча курулуп бүткөн 3 кабаттан турган 375 орундуу жаңы корпусун колдонууга тапшырды.
13:00. Барпы айылында курулган 275 орундуу эки кабаттуу мектептин ачылыш аземине катышып, эмгек жамаатын куттуктады.
13:40. Жалал-Абад облусунда курулуп жаткан мунайды кайра иштетүү ишканасынын абалы менен таанышууга барды.
Саат 14:30да Бишкекке учуу үчүн Жалал-Абад аэропортуна келди.
Жумуш убактысы бүтө электе кайра Бишкекке учуп келип, саат 17:00дө Өзбекстан Республикасынын Транспорт министри Илхом Махкамовду кабыл алып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан биргелешип курган темир жолдун долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөштү.
18:20да, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевди жамаатка тааныштырды.
Андан соң Акылбек Жапаров өзүнүн иш бөлмөсүндө документтер менен иштеди.

Пикир

Оставить комментарий