• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы жылда кыргызстандыктар 7 күн катары менен эс алат

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Жаңы жылда кыргызстандыктар 1-7-январь күндөрү эс алат. Министрлер кабинетинин 2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтому кабыл алынды. Документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн төмөнкүдөй белгиленди:

1) 2024-жылдын 1–7-январы дем алыш күндөрү болуп жана которулсун:

  • 2024-жылдын 8-январындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;
  • 2024-жылдын 27-январындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
  • 2024-жылдын 2-мартындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;
  • 2024-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 5-январындагы иш күнүнө;

2) 2024-жылдын 21–24-марты дем алыш күндөрү болуп жана 2024-жылдын 8-апрелиндеги дем алыш күнү 2024-жылдын 22-мартындагы иш күнүнө которулсун;

3) 2024-жылдын 2 жана 3-майы дем алыш күндөрү болуп жана которулсун:

  • 2024-жылдын 6-майындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 2-майындагы иш күнүнө;
  • 2024-жылдын 11-майындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 3-майындагы иш күнүнө;

4) 2024-жылдын 10-апрели – Орозо айт, 2024-жылдын 17-июну – Курман айт дем алыш майрам күндөрү.

Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине бул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий