• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакбаев Түркиянын Чубук муниципалитетинде жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Бунямин Токер баштаган Анкара шаарынын Чубук муниципалитетинде жашаган этникалык кыргыздардын тобу менен жолугушту.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушууда Казакбаев Түркиядагы этникалык кыргыздардын жалпы абалын жана жашоо шарттарын кызыгып сурады.

Ошондой эле элчи дүйнө жүзүндөгү этникалык кыргыздарга, айрыкча маданий жана улуттук өзгөчөлүктү сактоо жана өнүктүрүү үчүн жардам көрсөтүү боюнча Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде, этникалык кыргыздар Анкарадагы этникалык кыргыздар коомунун ачылышына колдоо көрсөтүүнү, элчиликтин иш-чараларына этникалык кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн активдүү тартууну жана мурда жетишилген макулдашууга ылайык Чубуктагы этникалык кыргыздарга улуттук боз үйдү белекке берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнүштү.

Пикир

Оставить комментарий