• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ислам шериктештиги оюндары. Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев жарым финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын эки спортчусу жарым финалга чыкты. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова жана эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Эрназар Акматалиев оюндардын жарым финалына чыкты.

Тыныбекова 65 кг салмакта, ал эми Акматалиев 65 кг салмакта күч сынашууда.

Пикир

Оставить комментарий