• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Свен-Йоран Эрикссон: Жеңиш баарын чечпейт, башка тайпадагы оюндардын жыйынтыгын күтүү зарыл

Спорт 0

Бишкек, 16.01.19 /Кабар/. Жеңиш баарын чечпейт, башка тайпадагы оюндардын жыйынтыгын күтүү зарыл. Бул тууралуу Филиппин командасынын машыктыруучусу Свен-Йоран Эрикссон Кыргызстанга каршы оюндун алдында өз пикирин билдирди.

Свен-Йоран Эрикссон оюн жеңил болбостугун билдирип, эки команда тең кийинки баскычка чыгарына ишенет деген пикирде.

"Кыргызстандын мыкты футболчулары бар – чабуулчулары, анын ичинде тогузунчу номердеги оюнчуну (Эдгар Бернхард) белгилегим келет. Мүмкүндүк эки командада тең бар, бирок бир эле жеңиш баарын чечпейт. Башка тайпадагы оюндардын жыйынтыгын күтүү зарыл. Биз жеңебиз деп үмүттөнөм", - деди Свен-Йоран Эрикссон.

Эске салсак, Кыргызстан – Филиппин беттеши бүгүн саат 19:30 Дубай шаарындагы Rashid stadium стадионунда өтөт.

Кыргызстан Азия Кубогунда С тайпасында орун алып, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин курама командалары менен оюн өткөрүүдө.

Турнирдин биринчи турунда Кыргызстан Кытай менен оюн өткөрүп, 2:1 эсебинде жеңилип калган. Экинчи беттеште Түштүк Кореяга 0:1 эсебинде утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий