• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Роналду “Реалдан” “Ювентуска” өтөт

Спорт 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду “Ювентустун” сунушун кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, футболчуга жылына 30 миллион евро төлөп берүү сунушу аны канааттандырган. “Реалда” Роналду андан 1 жарым эсе азыраак каражат табат.

Мындан ары Роналду “Ювентустун” эң көп акча төлөнүүчү оюнчусу болуп, Игуаинден 4 эсе көп каражат тапмакчы. Италиялык клуб Реалга 100 миллион евро сунуштаган, азырынча эки тарап макулдашып, бир чечимге келише элек.

Пикир

Оставить комментарий