• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ашхабадда интернет байланышы кайрадан үзгүлтүккө учуроодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Ашхабадда интернет байланышы кайрадан жапырт үзгүлтүккө учуроодо. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

«Ашхабадда интернеттин ылдамдыгы дээрлик токтоп калды. Аймактарда абал кандай экенин элестетүү кыйын. Биз төлөп жаткан акча үчүн (айына 150-200 манат же 50 доллар) сапаты өтө начар. Мен 200 манатка Алтын Асырдыкын, 250 манатка АГТСтин интернетин колдоном, азыр экөө менен тең пайдаланууга мүмкүн болбой жатат», - деди жергиликтүү тургундардын бири.

Анын айтымында, элди интернет менен камсыз кылган компанияларга кайрылган учурларда, кызматкерлери ийнин куушуруп, же кардардын коюлган бөгөттү кыйгап өтүү мүмкүндүгүн берген прокси-серверлерди колдоноор-колдонбосун тактап сурашууда.

Ашхабаддагы интернет колдонуучулардын пикиринде, интернеттин мындай сапаты ата мекендик түйүндөрдүн техникалык мүмкүнчүлүгүнүн чектелүү экендигине гана эмес, элдин интернетке кирүү мүмкүндүгүн чектөө боюнча бийликтин аракеттерине дагы байланыштуу болууда.

Түркмөнстанда көз карандысыз маалымат булактарына, анын ичинде «Азаттыктын» түркмөн кызматынын сайтына, Facebook, Twitter, VKontakte социалдык түйүндөрүнө бөгөт коюлган.

Пикир

Оставить комментарий