• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Сосновка” жана “Арал” посттору ачылды – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" посттору толугу менен унаа кыймылы үчүн ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдиргендей, аталган посттордо кечээ, 5-июлда саат 20:00дөн тарта күйүүчү май ташыган унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилген болчу.

Киргизилген чектөөлөрдүн бардыгы бүгүн таңкы саат 06:00дө толугу менен алынды.

Пикир

Оставить комментарий