• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек менен Кабул Памирдеги этникалык кыргыздарга жардам берүү маселесин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. КР ТИМ башчысынын орун басары Н.Абдрахманов менен Афганистандын Кыргызстандагы элчиси М.И.Месбах Улуу жана Кичүү Памирдеги этникалык кыргыздарга жардам берүү маселесин талкуулашты

Тараптар соода-экономикалык байланыш, келишим-укуктук базаны кеңейтүү жана өкмөттөр аралык тиешелүү келишимге кол коюу аркылуу Афганистандагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин талкуулашты.

Абдрахманов Афганистан Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюнуна катышуу үчүн Улуттук курама командасын жөнөтүү ниетине ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-афган өкмөттөр аралык комиссияны түзүүнү тездетүүгө жана ар кандай деңгээлдеги эки жактуу визиттерди жандантууга макулдашышты.

Бардыгы болуп Улуу жана Кичүү Памирде дээрлик эки миңге жакын адам жашайт.

Пикир

Оставить комментарий