• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык футболчу кыздар эл аралык мелдеште 3-орунга илинди

Спорт 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасынын Ташкентте CAFA U-18 Women’s Championship мелдешиндеги оюндары аяктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Башкы машыктыруучу Гүлбара Уматалиеванын жетекчилиги алдында Кыргызстан аталган мелдеште үчүнчү орунга илинди.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча курамалар төмөндөгүдөй орундарга жана упайларга ээ болушту:

1-орун — Иран (9 упай);
2-орун — Өзбекстан (4 упай);
3-орун — Кыргызстан (4 упай);
4-орун — Тажикстан (0 упай).

Турнирдин Fair play сыйлыгы Кыргызстан курамасына тапшырылды. Мындан сырткары, мелдештин акыркы Тажикстан - Иран оюнунда калыстык кылган Малика Кадырова жана Керемет Исмаилова атайын сыйлыктарга ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий