• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыңгыз Советов Аффинаждык заводго директор болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Советов Чыңгыз Жыргалбекович "Кыргызалтын" ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен Аффинаждык заводдун директору болуп дайындалды.

Чыңгыз Советов 1990-жылы туулган, кесиби боюнча - инженер-металлург.

И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "Түстүү металлдар металлургиясы" адистигин бүткөн. Аффинаждык заводдо 2016-жылдан бери иштеп келе жаткан.

Пикир

Оставить комментарий