• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Азия Молл» соода борборундагы унаадан граната табылды

Коом 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. «Азия Молл» соода борборунун унаа токтотуучу жайына токтотулган «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаадан граната табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеринде УКМКнын атайын багыттагы «Альфа» отрядынын саперлору жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барууда. Ошондой эле жерине ӨКМдин 1 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Буга чейин «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы кабарланып, имарат курчоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий