• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эгемендүүлүк күнү. Бишкектеги Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат

Коом 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата концерт өтөт.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, буга байланыштуу 31-августта аянттын аймагындагы унаа кыймылы саат 17:00дөн 00:00гө чейин чектелет.

"Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат», - деп белгилешти муниципалитеттен.

Борбор калаанын мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий