• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде милиция өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча жыйындарды өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Баткенде милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча жыйындарды өткөрүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын юасма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен райондук милиция кызматкерлери Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев орто мектебинде жергиликтүү тургундарды чогултушуп, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маалымат беришти. Бул иш-чара милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, жыйынга келген ата-энелерге кылмыштуулукту алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө, түн ичинде жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз көчөлөрдө жалгыз жүргүзбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, былтыркы жылы бул айылда жаш өспүрүм тарабынан жасалган 1 жорук иши катталган.

Пикир

Оставить комментарий