• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош - Бишкек, Ош - Сары-Таш - Иркештам жолундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Мамэкотехинспекция тарабынан “Ош-Сары-Таш-Эркештам” унаа жолунун боюндагы Шарк жана Мады айылындагы 68 курулуш объектиси текшерлип, 18 объект учурда буздурулду. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган курулуштар “Ош-Сары-Таш-Эркештам” унаа жолунун боюнда эч кандай уруксааты жок, мыйзамсыз жайгашкан. Мыйзамсыз курулуштар Мамэкотехинспекция адистери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталган.

“Мамэкотехинспекция тарабынан Шарк айыл аймагы боюнча 56 объект, Мады айыл аймагында 12 объект жеринде каралып, мыйзамсыз курулуштардын ээлерине актылар түзүлүп, буздуруу талабы коюлду. Учурда “Ош-Сары-Таш-Эркештам” унаа жолундагы 18 объект толугу менен буздурулса, калган объектилерди алдыруу боюнча берилген эскертүүлөрдүн убактысы келе элек. Мөөнөтү келип, мыйзамсыз курулуштар ээлери тарабынан алынбаса, буздуруу чаралары колдонулат”,-деп айтылат инспекциянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий