• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаратылыш министрлиги менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси кызматташат

Коом 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси кызматташтык планына кол койду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Документке 3-апрелде жаратылыш министри Мелис Тургунбаев жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов кол койду.

Документ айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, туруктуу өнүгүү, ошондой эле үстүбүздөгү жылга Орхус Конвенциясын ишке ашыруу жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарын камтыйт.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Тургунбаев экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ЕККУга ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий