• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктарды президенттикке талапкердин сепаратисттик билдирүүсүнө кошулбоого чакырышат

Коом 0

Бишкек, 02.10.17 /Мехриниса Сулайманова –Кабар/. Кыргызстандыктарды президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун сепаратисттик билдирүүсүнө кошулбоого чакырышууда.

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйындын жүрүшүндө коомчулуктун өкүлү Бүбүайша Турсунбекованын айтымына караганда, Кыргызстандагы туруктуулук жана тынчтык элдердин кан төгүүсү жана азап тартуусу аркылуу орногон.

“2010-жылдагы окуяда саясий оюндардын жүрүшүндө элдер каза болгон. Бүгүнкү күндө ошол эле сөздөрдү Өмүрбек Бабанов кайталап жатат. Бул кечиримсиз катачылык. Биз өз жаштыгыбызды бердик, элдер туруктуулук үчүн өз кандарын төгүштү, ал болсо эки элди араздаштырууну каалап жатат.

Бул туруксуздукка алып келет. Президенттикке талапкер жакында өлкөнүн түштүгүндө душмандын сөзүн сүйлөдү. Мен мага аябай нааразы болдум”,-деди ал.

Ошондой эле Турсунбекованын айтымына караганда, Бабановдун билдирүүсүнө баа берүү керек, себеби дегенде анын сөздөрү чыр-чатакты пайда кылуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий