• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы жылуулук качан өчүрүлөрүн айтты

Коом 0

Бишкек, 19.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкек мэриясы жылуулук качан өчүрүлөрүн айтты. Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы “Кабар” агенттигине билдиргендей, беш күндүн ичинде +8 градус жылуулук кармалып турса жылуулук өчүрүлөт.

“Ошондой жыйын өткөрүлүп, бул маселе каралат. Ошондо гана шаар мэри жылуулукту өчүрүү тууралуу буйрук чыгарат. Бүгүнкү күнү жыйын өткөрүлө элек, демек буйрук да чыга элек”, - деп түшүндүрүштү Бишкек мэриясынан.

Белгилей кетсек, ЖМКда энергетиктер жылуулук сезонун 22-мартта жыйынтыктоону сунуштап жатышканы тууралуу билдирүү тараган.

Пикир

Оставить комментарий