• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 19.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 17-18-мартта Кыргызстандын сууда сүзүү боюнчакышкы ачык чемпионаты өттү. Бул тууралуу КРнын спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Сүзүү “Дельфин” бассейнинде Кыргызстан жана Казакстандын спортчуларынын катышуусунда өттү.

Сууда сүзүү федерациясынын президенти Уланбек Акматбаев турнирди ачуу менен кыргызстандык суучулдар сезон башталгандыгына карабастан, ар кыл чет элдик турнирлерде күчтүү атаандаштарды жеңип жатышканын айтты.

Турнир алдыдагы Азия оюндарына өлкө командаларын тандоо үчүн өттү.

Мындан тышкары жеңүүчүлөр жана байге ээлери белекке Кыргызстандагы сууда сүзүү тууралуу 2018-жылдын башына бардык жаңылыктары жыйналган басылманы белекке алышты.

Пикир

Оставить комментарий