• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар ок атуу боюнча турнирде 3 медаль багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн СССРдин спорт чебери Владимир Почиваловдун элесине арналган ок атуу боюнча 28-эл аралык турнирде 3 медаль багындырышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 21-28-октябрда Казакстандын Шымкент шаарында өткөн. Ага Кыргызстандан 11 спортчу катышкан. Анда кыздар жана эркектер арасында 10 метр аралыктан пневматикалык мылтыктан атуу жана 10 метр аралыктан пневматикалык тапанчадан атуу боюнча жарышкан.

Турнирдин жыйынтыгында Аскат Токмоков жана Бактыгүл Махмадова 10 метр аралыктан пневматикалык тапанчадан атууда күмүш медалга татыды. Анастасия Щуковская арасында 10 метр аралыктан пневматикалык мылтыктан атууда коло байгени жеңди.

Ок атуу жарышына Кыргызстан, Италия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан болуп 200 спортчу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий