• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Кыргыз көмүрдүн» жетекчисин сабап кетишти. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарында "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевди сабап кетишти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ашырбаевге кол салгандар аны темир арматура менен сабашкан.

"Кабар" агенттигине Октябрь райондук милициясынан учурда тергөөчүлөрдөн маалымат күтүп жатышкандыгын, толук маалымат кийин бериле тургандыгын билдиришти.

Эскерте кетсек, "Кыргыз көмүр" ишканасы Нарын облусунун Жумгал районундагы "Кара-Кече" көмүр кенинде көмүр казуу иштерин жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий