• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айыл чарба министрлиги Ош жана Баткенде логистикалык борбор курууга өнөктөштөрдү издейт

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кызыкдар компанияларды жана инвесторлорду Ош жана Баткен облустарына соода-логистикалык борборлорду курууга катышууга чакырат.

Ведомстводон билдиришкендей, логистикалык борбор куруу боюнча долбоор айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жакшыртууга багытталган.

Долбоордун мүнөздөмөлөрү:

- СЛБнын аянты: 3 гектар
- СЛБнын көлөмү: 5 тонна

Долбоордун максаты:

- айыл чарбасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн заманбап соода-логистикалык аймактарды түзүү;
- айыл чарба продукциясын сактоо жана бөлүштүрүү үчүн заманбап аймактарды берүү аркылуу айыл аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- долбоордун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн инвестицияларды жана өнөктөштөрдү тартуу.

Өнөктөштүктөрдүн мүмкүнчүлүктөрү:

- соода-логистикалык борборлорду каржылоого жана курууга катышуу;
- жер тилкелерин берүү жана каттоо мүмкүнчүлүгү;
- СЛБнын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн өнөктөштүктөрдү түзүү;
- жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

Кызыккан компаниялар жана инвесторлор өз кызыкчылыктарын билдирүүгө жана кызматташуу боюнча сунуштарды берүүгө чакырылат. Кошумча маалыматты төмөнкү байланыш маалыматтары аркылуу ала аласыздар:

Ош облусу боюнча Айбек Парпиев

Телефон: 0550825725

Email: aibek.parpiev@mail.ru

Баткен облусу боюнча Нурайым Айдыралиева

Телефон: 0990559028

Email: aydar767672@gmail.com

Пикир

Оставить комментарий