• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте Интерпол тарабынан эл аралык издөө жарыяланган чет элдик жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМ КИББнин экинчи башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстанда Интерпол УБ менен биргеликте издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Аткарылган иш аракеттердин натыйжасында алдамчылык үчүн Интерпол эл аралык издөөдө жүргөн 1987-жылы туулган Ш.О. аттуу Түркиянын жараны ушул жылдын 30-январында Бишкек шаарынын аймагынан кармалган.

Алынган маалыматтар боюнча, Түркиянын укук коргоо органдары ага 2021-жылы издөө жарыялаган.

Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери иштелип чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий