• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРСУнун Бишкектеги ишинин шарттары жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Бишкек шаарындагы ишинин шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 31-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Бишкек шаарындагы ишинин шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Макулдашууда төмөнкүлөр каралган;

— Кыргыз-Россия Славян университетинин укуктук абалы жана ишмердүүлүгүнүн шарттары; билим берүү ишинин милдеттери жана уюштурулушу;
— университеттин ишмердүүлүгүн финансылык жактан камсыздоо;
— билим берүү программалары жана алар боюнча окууга кабыл алуу эрежелерин белгилөө;
— аталган университетте алган билимди жана квалификацияны өз ара таануу;
— билим берүү программаларын ишке ашыруунун алкагында билим берүү ишин лицензиялоо жана аккредитациялоо;
— университеттин табыштамасынын негизинде тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик/федералдык бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен окууга кабыл алуу үчүн орундардын санын белгилөө;
— Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан университеттин өтүнүчү боюнча илимдин кандидаты жана илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча кеңештердин базасында уруксат берүүнүн шарттары;
— тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан университетке билим берүү жана илимий уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү караган илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык каралган.

Пикир

Оставить комментарий