• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров Алексей Ширшовдун айланасындагы окуяларга комментарий берди

Президент 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Алексей Ширшовго байланышкан талкууларга комментарий берди.

“Ширшов менен 2010-жылга чейин бир туугандай болуп, бирге иштеген айрым депутаттар азыр парламентте олтурушат. Эл шайлады да, эмне кылабыз. 2010-жылга чейин кайдан, канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо экен деген ой-санаа басып жатса керек. Ошол үчүн паламенттин трибунасынан ызы-чуу салып жатышат. Ширшов менен схема түзүп аны менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин. Тескерисинче, кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, мейли ким болбосун баары камалат. Мурдагы заман жок. Мындан ары канча уурдасаң, ошону жүз эселеп казынага төгүп берип анан кутуласың. Кечээ жакында эле миң доллар пара ала койгон бажычы камалып, жүз миң доллар төгүп кутулуп чыкты. Жыйырма миң сом пара алып кармалган жол кайгуул кызматкери эки миллион сом төлөп үй камагына чыкты. Мунун баарын УКМК, ИИМ, Баш прокуратура көзөмөлдөп турат. Албетте, коррупцияны жүз пайыз тыйып койдук дегенден алысмын. Биз билбей же көрбөй калган кылмыштар көп эле болушу мүмкүн. Бирок бийлик башындагылар мурдагыдай схема түзүп, паракорчулукка, уурулукка эч качан аралашпайт”, - дейт президент.

Жапаров ага байлыктын кереги жоктугун белгиледи.

“Башкаларга окшоп президент боло калып эле үч-төрт жылдан кийин мультимиллиардер боло калуудан алысмын. Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматтарды алып жатамбы, демек, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек. Акаевди чакырып кабыл алдымбы, демек, бул дагы мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн аба менен суудай керек болгон. Бул маселелер боюнча бир аз убакыттан кийин кенен айтып берем. Ал эми Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылдардын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койгула. Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду. Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков эле унута албай коюшту”, - деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, УКМК 10-майда “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов кармалганын билдирген, кийинчерээк ал үй камагына чыккан.

Пикир

Оставить комментарий