• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда насвай чеккен аялдардын саны өсүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда насвай чеккен аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун бөлүм башчысы Чинара Бекбасарова билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдан бери Кыргызстанда 15 жаштан жогорку курактагы эркектердин арасында тамеки чеккендердин саны азайып, ошол эле учурда аялдар менен кыздардын арасында тамеки тарткандардын саны өскөн.

“Ошондой эле насвайды аялдар 7 эсе, эркектер 3 эсе көп колдоно башташкан. Буга бир жагынан тамекинин кымбатташы, экинчи жагынан насвайдын жөнгө салынбаганы таасир этүүдө”, - деди Чинара Бекбасарова.

Эскерте кетсек, дүйнө жүзүндө эртең, 31-майда – бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнү белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий