• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үсөнбаев: Эмдөө улуттук календарга ылайык өз убагында жүргүзүлөт

Ден соолук 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эмдөө тууралуу суроого жооп берди.

"Бул дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн практикасында бар. Бүгүнкү күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңеш-сунуштары бар. Эмдөө процессин токтотпош керек. Ошондуктан бизде өзгөчө кооптуу абал алынгандан кийин эмдөө иштерин кайра жандандырып жаткан убагыбыз. Анткени пландуу түрдө жасала турган эмдөөлөр убагында жүргүзүлүшү керек. Себеби, эгерде биз эмдебей кое турган болсок, ал жерде иммунитети жок балдардын саны өсүп, кошул-ташыл болуп балдардын инфекциясы кошулуп кетсе, ал жерде эпидемия чыгып кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигинин бул боюнча так позициясы бар. Биз шартка карап, эмдөөнү толугу менен улантып, улуттук календарда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө тийиштүү жаштагы балдарга эмдөөнү жүргүзө беребиз. Коронавирустан башка, кызамык, кызылча деген оорулар бар. Алар ден соолукка бир топ таасирин тийгизет. Эмдөө жасатыш керек. Мен дагы бир жолу чакырып кетет элем, эмдөөдөн качпашыбыз керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий