• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууга ар дайым умтулат – президент

Президент 0

Бишкек, 05.05.23. /Кабар/. Эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуучусу болгон Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууга ар дайым умтулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкө Конституциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө бүгүнкү күндө демократияны, мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо, экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу аракетибизди колдоп-коштоп жаткан эл аралык өнөктөштөр менен достук мамиледеги өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

"Биз сиздердин колдооңуздарды жогору баалайбыз жана өз ара пайдалуу кызматташтыгыбыз уланат деп үмүт артабыз. Эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуучусу болгон Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууга ар дайым умтулат", - деп баса белгилеп, жалпы көйгөйлөрдү чечүү жана эл аралык кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн сиздер менен иштешүүгө даярбыз деди.

"Коңшу өлкөлөр жана эл аралык коомчулук менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө байыркы маданий жана соода жолдорунун кесилишинде жайгашкан географиялык позициядагы артыкчылыгыбызды акыл-эс менен пайдаланууга тийишпиз", - деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн, 5-майда, Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында КРнын Конституциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага өттү. Ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ЖК депутаттары жана бир катар коомдук жана саясий ишмерлер катышты.


♦Демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан туура 30 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган

Пикир

Оставить комментарий