• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМдин Күзөт кызматы майрамдарга карата күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 05.05.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы май майрамдарына карата 1-майдан 10-майга чейин коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун талаптагыдай камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Күзөт кызматынан кабарлашкандай, бул күндөрү республиканын аймагында мүмкүн болгон укукка каршы аракеттердин алдын алуу боюнча уюштуруу иш-чаралары өткөрүлөт. Ошондой эле өзгөчө маанидеги жана стратегиялык объектилер күчөтүлгөн коргоого алынган.

"Мындан сырткары, бүгүнкү күндө коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде жардыруучу зат коюлгандыгы жөнүндө жалган маалыматтар боюнча актуалдуу маселе турат. Мындай кылмыштарды алдын-алуу, бөгөт коюу үчүн Күзөт кызматынын кызматкерлери комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий