• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцфондго жылдын биринчи кварталында 2,7 миң кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына январь-март айларында 2 718 кайрылуулар келип түшкөн.

Соцфонддон билдиришкендей, анын ичинде:

- жазуу түрүндө кайрылуулар – 115;
- ооз эки кайрылуулар – 336;
- КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 37 жаран;
- ишеним телефондор аркылуу – 1440;
- уюлдук ишеним телефону аркылуу – 790.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулары боюнча төмөнкү багыттарды бөлүп көрсөтүүгө болот: пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, пенсияларды индексациялоо, пенсияга чыгуу укугу, пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө, пенсиянын кайра эсептөө, пенсиянын топтомо бөлүгүндөгү акча каражатын төлөө, Соцфондунун ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий