• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айбек Молдогазиев Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 18.04.24. / Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу саясий байланыштарды активдештирүүгө жакшы баа берип, эки өлкөнүн ортосундагы диалогду бекемдөө үчүн эң жогорку жана жогорку деңгээлде гана эмес, аймактар аралык деңгээлде да визиттерди алмашууну улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Буга чейин жетишилген макулдашууларды, анын ичинде Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытайга жана Кытайдын СУАР өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияздын Кыргызстанга болгон иш сапарларынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды да ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Ошондой эле аймактар аралык транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүү, кытайлык капиталдын катышуусу менен Кыргызстанда ири өндүрүштүк жана энергетикалык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Жакынкы келечекте Кыргызстандын экономикасына кытай инвестициясынын өсүшү боюнча жагымдуу прогноз белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий