• 88.68
  • 95
  • 0.95

Google корпорациясынын Вашингтондогу кеңсесинде “Алтын казык” мамлекеттик программасынын бет ачары өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 18.04.24 /Кабар/. Вашингтондо өтүп жаткан Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында мектептеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын казык” мамлекеттик жаңы программанын бет ачары болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Google глобалдык корпорациясынын Вашингтондогу кеңсесинде өткөн иш-чарага Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Европа биримдигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ), Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн жана башка көптөгөн эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.

"Үстүбуздөгү жылдын ушул жазында Кыргызстандын президенти мектептеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча жаңы программаны ишке киргизди, анда адам капиталына инвестиция салуу боюнча жакынкы 10 жылга эң амбициялуу максаттар коюлган. Биздин максат – Кыргызстандын жаш балдары, улан-кыздары дүйнөлүк деңгээлдеги билимге ээ болуп, өз мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүү. Алар ушул кылымдын ортосунда жана андан кийинки мезгилде дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Программа “Алтын казык” деп аталды, анткени адамдык капиталга инвестиция салуу биздин негизги багытыбыз. Калган бардык мамлекеттик программалар, экономиканы өнүктүрүү жана мамлекетти чыңдоо багытындагы аракеттерибиздин бардыгы адамдык өнүгүүнүн деңгээлин көтөрүү максатына кызмат кылат”, - деди Акылбек Жапаров өз сөзүндө.

Министрлер кабенитинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинети компания менен маалыматтык технологиялар тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ал ошондой эле Бишкек шаарындагы шаардык мектептердин биринин базасында Google-мектебин пилоттук долбоор катары жакында ишке киргизилерин, ал билим берүү үчүн “Google” куралдарын толугу менен ишке ашырарын кошумчалады.

Google компаниясынын өкмөт менен байланыш жана коомдук саясат боюнча вице-президенти Марк Исаков өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

“Премьер-министрден “Алтын казык” программасынын Кыргызстандын билим берүү тутумунун келечегине болгон көз карашын угуу жана технологияны бул көз караштын кыймылдаткыч күчү катары көрүү шыктандырды. Кыргыз өкмөтүнүн санариптик технологияларды өз элинин жыргалчылыгы үчүн колдонгон мамлекет болуу каалоосу бардыгынын колдоосуна арзыйт жана биз кызматташууга даярбыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий